Талас шаарында тротуар курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Шаарды өнүктүрүү жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп жаткан бул иштердин жүрүшүндө тротуар курууга тоскоол болгон инфраструктураны – тактап айтканда, электр мамычаларын жана көмөк чордондорун – жылдыруу зарылчылыгы жаралган.
Бүгүнкү күнгө чейин Талас шаардык электр тармактары тарабынан 333 даана электр мамычасы жана 8 көмөк чордон жаңы коопсуз жана ылайыктуу жайларга көчүрүлдү.
Бул иштер шаардык бийлик жана тиешелүү кызматтар менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүп, курулуш иштеринин үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшүнө өбөлгө болууда.
Электр тармактарын өз убагында жылдыруу шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана тургундар үчүн коопсуз шаардык чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.