Колл - борбор: 105;

Таласта көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 179 даана жабдык техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлдү

9 Апрель 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тармакты өнүктүрүүгө багытталган реформаларды жүргүзүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Бул алкакта тарифтик саясат жүргүзүлүп, эскилиги жеткен жабдуулар жаңыланып, энергетика тармагынын туруктуулугун камсыздоо жана инфраструктураны модернизациялоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Аталган иштердин негизинде «КУЭТ» ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасы апрель айынан ноябрь айына чейин күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү иштерин жүргүзүп жатат.
35 кВ жана андан жогору чыңалуудагы көмөк чордондордо жалпы 15 даана электр жабдыгы капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Мындан тышкары, 1 612 даана жабдыкка техникалык тейлөө жүргүзүү пландалган. Бүгүнкү күндө анын 179 даанасы тейлөөдөн өттү.
Капиталдык курулуш багыты боюнча 35/10 кВ “Беш-Таш” көмөк чордонунда төмөнкү жабдуулар орнотулат:
* 2 даана күч трансформатору
* 2 даана 35 кВ вакуумдук өчүргүч
* 18 даана 10 кВ КРУН ячейкалары
Ошондой эле:
* 35/10 кВ “Кызыл” көмөк чордонунда 2 даана 35 кВ вакуумдук өчүргүч орнотулат
* 35/10 кВ “Ак-Дөбө” көмөк чордонунда ОДКЗ-35 үлгүсүндөгү эски жабдуулар 2 даана заманбап вакуумдук блоктук өчүргүчтөргө алмаштырылат.
Бул жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында Талас облусунда электр энергиясы менен камсыздоо кыйла жакшыртылып, тармактын ишенимдүүлүгү жогорулайт. Көмөк чордондордогу жабдууларды капиталдык оңдоо жана техникалык тейлөөдөн өткөрүү авариялык өчүүлөрдүн санын азайтып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.
Мындан тышкары, заманбап жабдуулардын орнотулушу энергетикалык инфраструктураны жаңылоого өбөлгө болуп, электр энергиясын бөлүштүрүүнүн сапатын арттырат. Бул өз кезегинде кышкы жогорку жүктөм мезгилин туруктуу өткөрүүгө мүмкүндүк берет.