Колл - борбор: 105; 1209;

Таласта 2025-жылы 75 даана күйгөн трансформаторлорду оңдоо пландалууда

17 Январь 2025 ж.

   Талас электр тармактар ишканасынын трансформатор оңдоо цехи Ал эми 2025-жылга карата 75 даана күйгөн трансформаторду оңдоо пландалууда. Оңдоо иштери бардык талаптарга ылайык, сапат жана натыйжалуулукка көңүл бурулуп жүргүзүлөт.
 
   Ал эми 2024-жылы 85 даана күйгөн трансформаторду ремонттон өткөрүштү. Оңдоо иштери Талас шаарынан жана Талас облусунун райондорунан келген күйгөн трансформаторлорго жүргүзүлүп, буларды кайра иштетүү үчүн трансформаторлордун обмоткалап, жогорку чыңалуу изоляторлорун алмаштырып, механикалык элементтерди текшерүү жана изоляциялык материалдарды жаңыртуу иштери аткарылды.
 
  Трансформатор оңдоо цехинде 7 кызматкер иштеп, ремонт иштерин жогорку деңгээлде аткарып келишет.
 
  Трансформатор оңдоо цехи жылына үзгүлтүксүз иштеп, токтобой кызмат көрсөтүп келет. «КУЭТ» ААКсынын өздүк каражаттарынын эсебинен цехте жөнөкөй жана комплекстүү ондоп-түзөө иштерин жүргүзүү башталат. Бул процесс, трансформаторлордун иштешин камсыз кылып, аларды натыйжалуу жана узак мөөнөттүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. Цехтин негизги максаты – электр системаларында иштеген бардык түрдөгү трансформаторлорду жана жабдууларды сапаттуу жана мезгилинде оңдоо.
 
  Бул иш-чаралар Талас облусунда электр энергиясын туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу жана аймактагы энергетикалык инфраструктураны чыңдоого багытталууда.