Колл - борбор: 105; 1209;

Таласта Айтматов РЭТнин А. Калматов барчасы 107 даана жыгач мамычаны темир бетон мамычага алмаштыруу иштерин жүргүзүштү

31 Июль 2024 ж.

  
   «КУЭТ» ААКнун филиалы- Талас ЭТИнин Айтматов райондук электр тармактар ишканасынын А.Калматов барчасы 6 айылды электр энергиясы менен камсыздайт.
 
  Талас облусунун Айтматов райондук электр тармактар ишканасынын А.Калматов барчасы тарабынан күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 2024-жылга пландалган иштердин алкагында 6 айылга жалпы 159 даана эски жыгач мамычаларын, темир бетон мамычаларга алмаштыруу иштери пландалып, бүгүнкү күндө 107 даана мамычаны алмаштыруу иштери аяктаган. Ал эми, калган 52 даана жыгач мамыча ушул жылдын август айына чейин темир бетон мамычага алмаштыруу иштери аяктайт.
 
   Учурда аталган барчанын тейлөөсүндө 91 даана трансформатор, ал эми абоненттик 95 даана трансформатор бар.
Анын ичинен 42 даанасы учурда техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлүп аяктады, декабрь айына чейин 39 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп аяктайт. Жалпы жыл аягына чейин 81 трансформатор техникалык тейлөөдөн өтөт.
 
  Ошондой эле,8 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган. Бүгүнкү күндө 2 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлүп бүттү.
 
  Ал эми, 10 кВ аба чубалгысынын жалпы узундугу 222,7 км. Анын ичинен 0,2 км ремонт иштери июль айында пландалып өткөрүлгөн. 186,6 км аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери өткөрүлөт.
Азыркы учурда 74 км аба чубалгысы техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлүп аяктады.
 
   Ошондой эле, 0,4 кВ аба чубалгысынын жалпы узундугу 135,03 км. Анын ичинен 6,96 км аба чубалгысы реконструкциялоо иштери аткарылат, аткарылганы 4,26 км заманбап СИП-2 үлгүсүндөгү чубалгысы тартылды.