«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Талас шаардык электр тармагында «Жетиген» 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Иш планына ылайык, «Жетиген» 10 кВ аба чубалгысында жалпы 7 км СИП-3 зымын жаңылоо мерчемделген. Учурда анын 5 км бөлүгүндө иштер аткарылып, калган 2 км боюнча иштер улантылууда.
Ошондой эле, «Батыш» 10 кВ электр чубалгысынын 0,3 км бөлүгүнө СИП-3 зымы тартылып, 0,4 кВ СИП-2 зымын 0,5 км аралыкка тартуу иштери толугу менен аткарылды.
Мындан тышкары, шаар аймагында мерчемделген 42 даана мамы толугу менен орнотулду.
Жүргүзүлүп жаткан иштер электр тармагынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга багытталган.