Колл - борбор: 105; 1209;

Таласта райондук электр тармактарына жаңы кызматтык унаалардын ачкычтары тапшырылды

6 Май 2025 ж.

Талас электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңы кызматтык унаалар менен толукталды. Бул унаалар «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан сатып алынган 54 даана атайын техниканын алкагында бөлүнүп берилген.
Жаңы техникалардын курамына төмөнкүлөр кирет:
* 4 даана Chevrolet Cobalt кызматтык унаасы,
* 1 даана JAC T-8 пикап базасындагы бригадалык унаа.
Жаңы унаалардын ачкычтарын тапшыруу аземи бүгүн, 6-май күнү өтүп, ага «КУЭТ» ААКсынын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Ильгиз Сыдыгалиев катышты.
Аймактар боюнча бөлүнгөн унаалар төмөнкүдөй:
* Талас районуна – 1 даана Chevrolet Cobalt жана 1 даана JAC T-8 бригадалык унаа,
* Манас, Бакай-Ата жана Айтматов райондук электр тармактарына – ар бирине 1 даанадан Chevrolet Cobalt кызматтык унаасы.
Бул транспорт каражаттары электр тармактарында техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө, авариялык абалдарга ылдам жооп кайтарууга жана кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт.