Колл - борбор: 105; 1209;

Талас шаарында 22 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жүрүүдө

27 Март 2025 ж.

2025-жылы «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы Талас шаарында 22 трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрөт. Бул иштер Талас шаардык электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.
 
  Капиталдык оңдоо иштери алкагында 22 трансформатор оңдолот, ошондой эле Талас шаардык электр тармактарында 175 трансформатордун техникалык тейлөө иштери пландалган.
 
  Келечектеги жылы Талас шаарында 3 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат: 1 трансформатор 250 кВАдан 400 кВАга, 1 трансформатор 400 кВАдан 630 кВАга, 1 трансформатор 630 кВАдан 1000 кВАга көтөрүлөт.
 
  Талас шаарында 4 км аба линиясы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 14 эски жыгач мамыча темир бетон мамычаларга алмаштырылат.
 
 Техникалык тейлөө иштеринин жүрүшүндө Талас шаарында 267,189 км аба чубалгысы тейленет.
 
  Талас электр тармактар ишканасы оңдоо иштерин март айынан баштап, ноябрь айына чейин улантат. Бул иш-чаралар облустагы электр энергиясынын туруктуу жана сапаттуу жеткирүүчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.