Колл - борбор: 105; 1209;

Таласта шайлоого карата укук коргоо органдарына жана мекеме-ишканаларга саптык кароо өткөрүлдү

13 Ноябрь 2024 ж.

Бүгүн 13-ноябрда Талас ОИИБдин имаратынын алдында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата саптык кароо өткөрүлдү. Саптык кароого Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери катышышты.
Саптык кароодо Эрмат Джумаев милиция, прокуратура, ӨКМ, өрт өчүрүү, энергетика, медицина, байланыш кызматы, ИИОнун ардагерлери, элдик кошуундун шайлоого карата даярдыгын текшерди. Ошондой эле шайлоого тартылган укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын автоунааларына жана техникаларына кароо жүргүздү.
2024-жылдын 17-ноябрь күнү Талас облусундагы шайлоо тилкелеринде Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, милиция, ӨКМ, прокуратура, байланыш, медицина кызматкерлери кызмат өтөшөт.