Таласта коррупцияга каршы мыйзамдын жаңы нормалары боюнча түшүндүрүү жыйыны өттү
24 Апрель 2025 ж.
2025-жылдын 24-апрелинде «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасында кызматкерлердин катышуусунда коррупцияга каршы мыйзамдар боюнча түшүндүрүү жыйыны болуп өттү.
Иш-чарада 2023–2024-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планынын негизинде, 2012-жылдын 8-августунда кабыл алынган №153 «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары жана жаңыдан кабыл алынган мыйзамдар боюнча маалымат берилди.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан иштелип чыгып, 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана 2025-жылдын 31-декабрында Президент С.Жапаров кол койгон жаңы мыйзамдын негизги жоболору тааныштырылды. Бул мыйзам 2025-жылдын 20-январынан тарта күчүнө кирип, коррупцияга каршы күрөштө жаңы этапты баштаган.
Жыйында баса белгиленгендей, укук коргоо органдары жана УКМК тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерге карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда коррупциялык кылмыштардын саны өсүп жатканын статистика дагы ырастайт.
Жаңы мыйзамдын негизги өзгөчөлүктөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- Коррупциялык кылмыштар үчүн өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат;
- Айып пул менен жазадан кутулуу мүмкүнчүлүгү жоюлуп, эркинен ажыратуу мөөнөттөрү киргизилет;
- Күнөөлүү жарандардын жакындары мамлекеттик кызматка кабыл алынбайт;
- Келтирилген зыянды толук өндүрүп, күнөөнү мойнуна алган шартта гана жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөө мүмкүнчүлүгү каралган.
Жыйын соңунда катышуучулар жаңы мыйзамдардын маанисин талкуулап, суроолоруна жооп алышты. Бул сыяктуу иш-чаралар коррупцияны алдын алуу жана коомдук аң-сезимди жогорулатуу багытында маанилүү кадам катары бааланды.