Таласта 185 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү
22 Ноябрь 2024 ж.
Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата Талас облусунун аймагындагы 185 даана трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бул трансформаторлор төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Талас шаардык электр тармагында — 22 даана,
Бакай-Ата райондук электр тармагында — 43 даана,
Талас райондук электр тармагында — 62 даана,
Айтматов райондук электр тармагында — 33 даана,
Манас райондук электр тармагында — 25 даана.
Капиталдык оңдоо учурунда трансформаторлордун майы алмаштырылып, эски жабдыктар жаңыртылды.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча, жалпы 973 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Анын ичинен:
Талас шаарында — 131 даана,
Бакай-Ата районунда — 197 даана,
Талас районунда — 319 даана,
Манас районунда — 103 даана,
Айтматов районунда — 223 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.