Колл - борбор: 105; 1209;

Талас 36742 даана акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери башталды

30 Январь 2025 ж.

  
Талас электр тармактар ишканасы Манас, Бакай-Ата, Айтматов жана Талас райондорунда жалпы 36 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу иштерин баштады.
 
  Талас районунун тургундары үчүн 10 842 даана, Манас районунда 5 600 даана, Бакай-Атада 7 800 даана жана Айтматов районунда 12 500 даана акылдуу эсептегич орнотулмакчы. Бул иш-чара электр энергиясын колдонуу боюнча так маалыматтар алууга жана чыгымдарды башкарууга жардам берет.
Эске салсак, 2024-жылы Талас шаарына 6 092 даана акылдуу эсептегич орнотулган.
 
   Жаңы акылдуу эсептегичтер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергиясынын сапатын жогорулатып, керектөөчүлөргө жакшы шарттар түзүүгө көмөк берет.

   Акылдуу эсептегичтер – бул энергияны текшерүү жана башкаруу тармагындагы жаңы деңгээл.