Колл - борбор: 105; 1209;

Таласта көмөк чордондорду ондоп - тузоо иштери 100%га аяктады

3 Ноябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Көмөк чордон кызматы тарабынан 2025-жылга карата пландалган негизги оңдоо жана жаңыртуу иштери толугу менен 100 % аяктады. Атап айтканда, 35 кВ жана андан жогору чыңалуудагы көмөк чордондордо жалпы 30 даана электр жабдык капиталдык оңдоодон, ал эми 1 608 даана жабдык техникалык тейлөөдөн өттү. Капиталдык курулуш (КС) кызматы аркылуу 35/10 кВ “Беш-Таш”, “Бейшеке”, жана “Конезавод”көмөк чордондорунда ОДКЗ-35 үлгүсүндөгү эски жабдыктар заманбап ваакумдук блочтуу өчүргүчтөргө (выключатель блочного типа) алмаштырылды. Ошондой эле, 500/220/10 кВ «Төлөбердиева» көмөк чордонунда релейдик коргоо панелдерин модернизациялоо иштери уланууда. Бул жумуштар авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана электр энергиясынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында аткарылууда. Талас электр тармактар ишканасы алдыда да электр жабдууларын жаңыртуу, коопсуздук талаптарын сактоо жана үзгүлтүксүз энергия камсыздоону камсыз кылуу багытында иштерин уланта берет.