Колл - борбор: 105;

Таласта 500/220/10 кВ «Түлебердиева» көмөк чордонунда жаңы релелик коргоо жана автоматика системалары ишке киргизилүүдө

11 Июнь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас электр тармактар ишканасынын Релелик коргоо жана автоматика кызматы тарабынан 500/220/10 кВ «Түлебердиева» көмөк чордонунда модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иштердин алкагында №509-559 500 кВ аба чубалгысына заманбап микропроцессордук релелик коргоо жана автоматика терминалдарын орнотуу жана туташтыруу иштери аткарылууда.
Учурда аба чубалгысынын релелик коргоо түзүлүштөрүн эксплуатацияга киргизүү боюнча сыноо жана жөндөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жаңы жабдуулар электр тармагындагы авариялык кырдаалдарды ыкчам аныктоого, жабдууларды ишенимдүү коргоого жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, каршыавтоматика (ПА) системалары боюнча ТГЭС жана «Фрунзенский» көмөк чордону багыттарында сигналдарды берүү жана өз ара аракеттенүүнү камсыздоо боюнча жөндөө иштери аткарылууда. Азыркы учурда каршыавтоматика комплекстерин эксплуатацияга киргизүүгө даярдык көрүлүп, жабдууларды ишке берүү боюнча акыркы этаптагы иштер жүрүп жатат.
Аталган долбоор электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга, авариялык тобокелдиктерди азайтууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.