Таласта энергетиктер Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чарага активдүү катышууда!
31 Август 2025 ж.
31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарында өткөрүлүп жаткан салтанаттуу иш-чарага «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери да жигердүү катышууда.
Бул күнү мекенибиздин эркиндигин даңазалап, биримдикти бекемдеген маанилүү майрамды чогуу тосуп жатабыз.
Эгемендик — биздин сыймыгыбыз!