Колл - борбор: 105;

Таласта энергетиктер Тазалык күнүнө активдүү катышты

18 Апрель 2026 ж.

 
2026-жылдын 18-апрелинде Тазалык күнүнө карата жалпы ишембилик өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо, коомдук жайларды көрктөндүрүү, ошондой эле жашыл аймактарды сактоо жана көбөйтүү болду. Ишембиликтин жүрүшүндө бак-дарактар акталып, аймактар жашылдандырылып, кеңири көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
«КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери бул демилгеге активдүү катышып, аймактарды тазалоо жана жашылдандыруу иштерине өз салымдарын кошушту. Мындай иш-чаралар экологиялык маданиятты жогорулатууга жана коомдук жоопкерчиликти бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Ар бир адамдын салымы — таза жана көрктүү келечекке карай маанилүү кадам.