Таласта энергетиктерге жаңы атайын техникалар тапшырылды
11 Июнь 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетика тармагын модернизациялоо жана электр тармактарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштеринин алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасы үчүн 5 даана жаңы атайын техникаларды бөлүп берди.
Ишканага 2 даана FAW үлгүсүндөгү унаа, 2 даана ISUZU үлгүсүндөгү унаа жана 1 даана экскаватор тапшырылды. Жаңы техникалардын ичинен 2 даана унаа Манас РЭТине, 1 даана унаа Талас РЭТине берилсе, калган техникалар Талас электр тармактар ишканасынын автобазасына өткөрүлүп берилди.
Жаңы техникалар электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жакшыртып, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюуга, ошондой эле капиталдык курулуш жана оңдоо иштерин өз убагында аткарууга жардам берет. Мындан тышкары, кызматкерлердин иш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзөт.
Белгилүү болгондой, бул техникалар Кыргызстан улуттук электр тармагы тарабынан өз каражатына сатылып алынган 41 даана жаңы атайын техниканын курамына кирет. Алар өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы электр тармактары ишканаларына бөлүштүрүлгөн.
Мындай жаңылануу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырып, күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүүгө жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.