Таласта Кыргыз Республикасынын Энергетика тармагынын 90 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди
19 Декабрь 2024 ж.
Таласта Кыргыз Республикасынын Энергетика тармагынын 90 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул мааракеге Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкен ийгиликтери үчүн Талас электр тармактар ишканасынын ардагерлери жана кызматкерлери сыйланды.
Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ардак грамоталары менен сыйланышып, иштин натыйжалуу жүргүзүлүшүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирилди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты тарабынан «Ардактуу атуул» наамы Тынайбек Асанбековго жана Султанов Кыркбек Учубековичке берилди. Ошондой эле, Талас электр тармактар ишканасынын дагы бир нече ардагерлери, Жапарбек Туржанов жана Уранбек Ташматов, Талас облусуна сиңирген эмгеги үчүн төш белги менен сыйланышты.