Колл - борбор: 105; 1209;

Талас облусунда 19 көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштери аткарылууда


15 Июнь 2024 ж.
 
  Талас электр тармактар ишканасынын Көмөк чордон кызматы Талас облусунунун аймагында жайгашкан 25 даана көмөк чордондо 60 жабууларды техникалык тейлөө иштеринен өткөрүү пландаштырылган. Ал эми 19 көмөк чордондо 27 жабдууну капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүү пландалган.
 
  Бүгүнкү күндө көмөк чордон кызматы тарабынан 18 көмөк чордондо 32 жабдууну техникалык тейлөө иштеринен өткөрүшүп, 12 көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүштү.
 
   Ал эми, күз-кыш мезгилине карата даярдык ноябрь айында аяктайт. Ноябрь айына чейин 19 көмөк чордондо 28 жабдууну техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана 13 көмөк чордондо 15 жабдууну капиталдык ремонттон өткөрүү иштери пландалууда.
 
   Жыл сайын күз-кыш мезгилине даяр болуу үчүн, көмөк чордон кызматы тарабынан көмөк чордондордо атайын оңдоо иштери аткарылып келет. 2024-жылда :
 
1. 500/220/10 кВ «Тулебердиева» көмөк чордонунда 3 жабууну техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалган.
 
2. 220/110/10 кВ «Семетей» көмөк чордонунда 6 жабдууну техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалган.
 
3. 110/35/10 кВ «Кировка», «Грозное», «Талас», «Чат-Базар», «Бала-Саруу», «Покровка», «Арал», «Манас», «Кең-Кол», «Победа» ,«Өзгөрүш», «Кара-Арча», «Ивано-Алексеевка көмөк чордондорунда жалпысынан 38 жабдууну техникалык тейлөө иштеринен өткөрүү пландалса, 15 жабдууну капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүү пландалган.
 
4. 35/10 кВ «Бакайыр», «Бейшеке», «Ак-Дөбө», «Талас», «Манас», «Грозное», «Конезавод», «Жер-Үй», «Кызыл», «Кырк-Казык», «Беш-Таш», «Көк-Сай» көмөк чордондорунда 13 жабдууда техникалык тейлөө иштери аткарылса, 12 жабдууну капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүү пландалган.
 
  Талас облусунда жалпысынан 35-500 кВ 25 даана көмөк чордон бар.

448212043_459245303367117_9072738033314963969_n 448212432_459245226700458_5705832372018280916_n 448314151_459245240033790_1368225879222159692_n