Колл - борбор: 105;

Талас облусунун мектептеринде жайкы эс алуу мезгилинде балдардын электр жаракат алуусунун алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө

22 Май 2026 ж.

Калк арасында электр жаракаттарынын алдын алуу жана жайкы эс алуу мезгилинде балдардын өмүрү менен ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан облус аймагындагы билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Айтматов, Манас, Талас, Бакай-Ата райондук электр тармактарынын жана Талас шаардык электр тармактарынын электр эпкерлери мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, электр коопсуздугунун эрежелери, электр жабдууларынын ток өткөрүүчү бөлүктөрүнө жакындауунун кооптуулугу, ошондой эле көмөкчордондордун, трансформатордук пункттардын жана электр берүүчү чубалгылардын жанында сак болуу чаралары тууралуу маалымат беришти.
Иш-чаралардын жүрүшүндө окуучуларга көмөкчордондордун , бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн (РУ), бөлүштүрүүчү пункттардын (РП), трансформатордук көмөкчордондордун (ТП, КТП, ГКТП) аймагына кирүүгө болбой тургандыгы, ошондой эле энергетикалык объектилердин жанында ойноого тыюу салынары түшүндүрүлдү.
Өткөрүлүп жаткан иштердин негизги максаты — балдар менен өспүрүмдөрдүн электр тогунун кооптуулугу тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, коопсуз жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу жана кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
Талас электр тармактар ишканасы эскертет: электр коопсуздугунун эрежелерин сактоо ар бир адамдын өмүрүн жана ден соолугун сактоонун маанилүү шарты болуп эсептелет.