Колл - борбор: 105; 1209;

Кызыл-Адыр айылында 630 кВА кубаттуулуктагы ЗКТП-99га ремонт жүргүзүлүүдө

22 Июль 2025 ж.

Бүгүн, 2025-жылдын 22-июлунда, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов РЭТи тарабынан Кызыл-Адыр айылындагы ЗКТП-99 жабык комплекттүү трансформатордук подсказиясына (кубаттуулугу 630 кВА) ремонт иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иштер 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында аткарылып, алардын негизги максаты — электр энергиясын ишенимдүү жеткирүү, техникалык жоготууларды азайтуу жана электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылуу болуп саналат.
Бардык иштер бекитилген графикке жана техникалык коопсуздук эрежелерине ылайык жүргүзүлүүдө.
Ремонт айыл тургундарын жана социалдык объектилерди сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө болот.