«КУЭТ» ААКнын филиалы- Талас электр тармактар ишканасы тарабынан Талас районунун Козучак айылындагы №521 трансформатордук көмөк чордонуна жакын аймакта электр тармактарын өнүктүрүү боюнча курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында жалпы 80 даана темир-бетон электр мамычасы орнотуу каралган. Учурда анын ичинен 30 даана электр мамычасы орнотулду. Анын ичинен 0,4 кВ аба чубалгысына жана 10 кВ аба чубалгысына тиешелүү мамычалар каралган.
Жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.