Айтматов районунун Көк-Дөбө айылында 26 даана темир-бетон мамыча орнотулду
3 Июль 2025 ж.
Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында Талас облусунун Айтматов районундагы Чолпонбай айыл аймагына караштуу Көк-Дөбө айылында 26 даана жаңы темир-бетон мамыча орнотулду.
Ошондой эле, Айтматов РЭТде 2025-жылдын аягына чейин 127 эски жыгач мамычаны темир-бетон мамычага алмаштыруу пландалууда.
Айтматов районунда 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери активдүү жүрүп жатат. Иштерди «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов РЭТи тарабынан жүргүзүлүүдө.
Техникалык тейлөө иштери боюнча 278 трансформаторду тейлөө пландалган, алардын ичинен 139 трансформаторго техникалык тейлөө иштери аткарылды.
Ошондой эле, ноябрь айына чейин 36 трансформаторго капиталдык оңдоо жүргүзүү пландалып, бүгүнкү күнгө чейин алардын 16 даанасы оңдолуп бүттү.
Мындан тышкары, 10 кВ аба чубалгыларына техникалык тейлөө 605,640 км аралыкта пландалган, анын ичинен 271,55 км тейлөөдөн өттү.
10 кВ аба чубалгысында капиталдык оңдоо 52,460 км пландалса, анын ичинен 31,900 км бүткөрүлдү.
Ал эми 0,4 кВ аба чубалгылары боюнча техникалык тейлөө 537,478 кмге пландалган, учурда 88,505 км тейлөө иштери бүткөрүлдү.
Райондо кошумча түрдө 4 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат: үчөө 160 кВАдан 250 кВАга чейин, бирөө 100 кВАдан 250 кВАга чейин жогорулатылат.
Ошондой эле, 12 500 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган, учурда алардын 5 518 даанасы орнотулду.
Баардык ремонт иштери 2025-жылдын ноябрь айына чейин улантылат.