Талас районунда электр тармагын автоматташтыруу иштеринин алкагында 3 жаңы реклоузер орнотулду
7 Октябрь 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, Талас облусунун Талас районунда электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүү максатында жогорку чыңалуудагы 10 кВ 3 даана реклоузер орнотулду.
Атап айтканда, Арал жана Үч-Эмчек айылынын кесилишине 2 даана, ал эми Кен-Кол айыл аймагына 1 даана 10 кВ реклоузер орнотулду. Бул иштерди Чат-Базар жана Көк-Ой барчасынын кызматкерлери жана релейлик коргоо, байланыш кызматы аткарышты.
Реклоузер – бул автоматтык өчүргүч, ал жогорку чыңалуудагы (негизинен 10–35 кВ) аба чубалгылуу линияларда колдонулат. Анын негизги милдети – электр тармагында пайда болгон убактылуу бузулууларды аныктап (авариялык өчүрүүлөрдү) , линияны автоматтык түрдө өчүрүп-күйгүзүү аркылуу электр берүү процессин калыбына келтирүү. Ал бузулуу катталганда (мисалы, кыска туташуу же дарактын тийиши) реклоузер линияны автоматтык түрдө өчүрөт;
Эгер бузулуу убактылуу болсо — электр берүү калыбына келет;
- Эгер бузулуу туруктуу болсо — ошол аймак автоматтык түрдө обочолонуп, калган участоктордо жарык сакталат; Алыстан көзөмөлдөп жана башкарууга мүмкүнчүлүк берет.
Артыкчылыгы авариялык өчүүлөрдү азайтып, электр энергиясын туруктуу берип, коопсуздук деңгээлин жогорулатып, оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө шарт түзөт.
Бул иштер «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасы тарабынан элге сапаттуу, туруктуу жана заманбап кызмат көрсөтүү максатында аткарылууда.