Талас ЭТИнин "Кировка" көмөк чордонунда өрт кырсыгын алдын алуу үчүн машыгуулар өттү


12 Апрель 2024 ж.

Өрттүн  алдын алуу машыгуусу Айтматов районунда жайгашкан "Кировка" көмөк чордонунда өткөрүлдү.

Талас электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматкерлери, диспетчердик кызмат жана ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт -куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы менен биргеликте өрт-тактикалык машыгууларды өткөрүштү. Мындай иш-чара аймагыбызда жылына 2 жолу өткөрүлүп турат.

Машыгуунун жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери  өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал эми, көмөк чордон кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү суроолорду беришип, жоопторун ала алышты.


photo_5242241703891558854_y photo_5242241703891558851_y photo_5242241703891558848_y (1) photo_5242241703891558852_y photo_5242241703891558846_y photo_5242241703891558844_y (1)