Колл - борбор: 105; 1209;

Бакай-Ата районундагы «Ак-Дөбө» көмөк чордонунда утурумдук оңдоо иштери жүрүүдө


28 Июнь 2024 ж.
 
  Күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин алкагында «КУЭТ» ААКнун филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы тарабынан бүгүн , 27-июнда «Ак-Дөбө» 35/10 кВ көмөк чордонунда пландык техникалык тейлөө иштери аткарылууда. Бүгүнкү техникалык тейлөө иши 1 күн аралыгында жүрөт. Ал эми, жалпы облус боюнча оңдоо иштери октябрь айында аяктайт.
Аталган көмөк чордон 1979-жылы ишке берилген.
35/10 кВ «Ак-Дөбө» көмөк чордонунда пландалган утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле, ОРУ-35 кВда фарфор изоляторлорун айнек изоляторуна алмаштыруу иштери жүрөт.
 
  Бакай-Ата райондук электр тармактар ишканасынын Ак-Дөбө барчасында жалпы 96 даана трансформатор бар.
Анын ичинен 40 даанасы учурда техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлүп аяктады, октябрь айына чейин 41 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп аяктайт. Жалпы жыл аягына чейин 81 трансформатор техникалык тейлөөдөн өтөт.
 
  Ошондой эле, 15 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган. Бүгүнкү күндө 6 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлүп бүттү.
 
   Ал эми, 10 кВ аба чубалгысынын жалпы узундугу 87,3 км. Анынл ичинен 24,43 км ремонт иштери сентябрь айында өткөрүлөт. 62,87 км аба чубалгысы техникалык тейлөө иштеринен өткөрүү пландалган.
Азыркы учурда 15,17 км аба чубалгысы техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлүп аяктады.
 
   Ошондой эле, 0,4 кВ аба чубалгысынын жалпы узундугу 107,54 км. Анын ичинен 2,5 км аба чубалгысы реконструкциялоо иштери аткарылып, заманбап СИП-2 үлгүсүндөгү чубалгысы тартылды.

449388449_467053645919616_7692400221922881349_n 449131112_467053699252944_2010889326700823573_n 449109465_467053629252951_2270256789000783229_n 449109079_467053552586292_2102569028108577195_n 449104975_467053509252963_3545643126670397297_n