Колл - борбор: 105;

МАНАС РАЙОНУНУН КЕҢЕШ АЙЫЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ КОНУШТА 40 ДААНА МАМЫ ОРНОТУЛДУ

24 Сентябрь 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Манас райондук электр тармагы тарабынан Манас районунун Кеңеш айылындагы жаңы конушта электр менен камсыздоону жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.
 
Учурда жаңы трансформатордук көмөк чордонду орнотуу иштеринин алкагында 40 даана темир-бетон мамы орнотулду.
 
Жүргүзүлүп жаткан иштер жаңы конуштун тургундарын ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган. Аткарылып жаткан иштерге жергиликтүү тургундар ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
 
Мындан тышкары, Манас райондук электр тармагында 2026-жылга карата белгиленген оңдоо, техникалык тейлөө жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
 
 Темир-бетон мамыларын орнотуу: план — 228 даана, аткарылды — 190 даана.
 Трансформатордук көмөк чордондорду капиталдык оңдоо: план — 25, аткарылды — 22.
 Трансформатордук көмөк чордондорду техникалык тейлөө: план — 142, аткарылды — 128, калган — 14.
 
 10 кВ аба чубалгыларын капиталдык оңдоо: план — 41 км, иштер толугу менен аткарылды.
 10 кВ аба чубалгыларын техникалык тейлөө: план — 287 км, аткарылды — 284,7 км.
 0,4 кВ аба чубалгыларын техникалык тейлөө: план — 305 км, аткарылды — 225 км, калган — 80 км.
 Жаңы курулуш: Май, Айтматов, Кеңеш жана Жийде айылдарында 10 кВ СИП-3 аба чубалгысынын 3 км 900 метр бөлүгү курулууда.
 
 0,4 кВ СИП-2 аба чубалгыларын реконструкциялоо: план — 13 км, аткарылды — 9,5 км.
 
 Аталган иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр энергиясын керектөөчүлөргө сапаттуу жеткирүүгө жана жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.