Колл - борбор: 105;

«АЙТМАТОВ ААЛАМЫ» МЕМОРИАЛДЫК МУЗЕЙ-КОМПЛЕКСИНДЕ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ИШЕНИМДҮҮ КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН ДАЯРДЫК ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

11 Сентябрь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында «Айтматов Ааламы» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинде электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында энергетиктер тарабынан комплекстүү даярдык иштери жүргүзүлдү.
 
Иштерди «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарышты.
 
Атап айтканда:
* СИП-2 зымынын 400 метр бөлүгү тартылды;
* 120 кВт кубаттуулуктагы резервдик генератор орнотулду;
* 833/250 кВА КТПсына техникалык тейлөө жүргүзүлдү;
* электр энергиясын автоматтык түрдө резервдик булакка өткөрүүчү АВР системасы орнотулду;
* иш-чара өтүүчү аймактагы 7 боз үйгө электр жабдууларын монтаждоо жана электр энергиясын берүү иштери аткарылды.
 
Аткарылган иштердин натыйжасында «Айтматов Ааламы» мемориалдык музей-комплексинде өтүүчү иш-чараларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга жана күтүүсүз өчүүлөр учурунда резервдик электр булагын колдонууга бардык шарттар түзүлдү.
 
Майрамдык иш-чаралардын жарыгы өчпөшү үчүн энергетиктер күнү-түнү кызматта!
 
«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы аймактагы маанилүү объектилерди электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.