Талас электр тармактар ишканасына караштуу Манас райондук электр тармактары таарбынан 2024-жылы Манас барчасындагы 180 даана эскирген жыгач мамычаларды жаңылоо иши пландалган.
Бүгүнкү күндө коюлган планга ылайык аталган аймактагы 180 жыгач мамычанын ичинен 103чү темир бетон мамычага алмаштырылды.
Мындан тышкары 2024-жылга 9 даана трансформатор капиталдык ремонттоого пландалган. Анын ичинен 6 даана трансформатор оңдоодон өттү. Ошондой эле, 58 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалган болсо, учурда анын 24 даанасы аткарылып бүткөн. Ал эми калган 34 даана трансформатор жыл аягына чейин техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
2024-жылы 10 кВ аба чубалгысын 130 км аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери пландалган. Учурда 10 кВ аба чубалгысынын 77,8 км аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Ал эми, 10 кВ аба чубалгысында капиталдык оңдоодон 5,6 км пландалса, анын 3 км аба чубалгысы аткарлыып бүттү.
Ал эми, Манас районунун Көк-Дөбө айылында №718 трансформаторуна 2,5 км СИП кабели орнотулду жана 53 даана эски жыгач мамычаны темир бетон мамычага алмаштыруу иштери аткарылды.
Азыркы тапта, Кызыл-Жылдыз айылында жаңы 10 кВ аба чубалгысында 37 жаңы темир бетон мамыча орнотулуп, 3 км аба чубалгысы тартылууда алмаштырылды.