Колл - борбор: 105;

Манас райондук электр тармагында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

9 Июнь 2026 ж.

Бүгүн, 9-июнь күнү Манас району боюнча ӨКБ тарабынан Манас райондук электр тармагынын электр кызматкерлери жана диспетчерлери үчүн өрттүн алдын алуу жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө өрт коопсуздугунун талаптары, өрт чыккан учурда аткарылуучу аракеттер жана өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу эрежелери боюнча маалымат берилди. Ошондой эле кызматкерлерге өрт өчүргүчтөрдүн түзүлүшү жана аларды туура пайдалануу тартиби практикалык түрдө көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чара кызматкерлердин өрт коопсуздугу боюнча билим деңгээлин жогорулатууга жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталды.