2025-жылдын март айынан бери Талас электр тармактар ишканасынын Манас райондук электр тармагы тарабынан электр энергиясы тармагын жакшыртууга багытталган иштер ырааттуу жүргүзүлүүдө. Бул иштер күз-кыш мезгилине даярдыкты камсыздоо максатында ноябрь айына чейин улантылат.
Техникалык тейлөө иштеринин алкагында 10-0,4 кВ аба чубалгысында жалпы 655,114 км аралыкта иштер пландалган. Учурда анын 176,83 км аралыгы тейленди.
Капиталдык оңдоо боюнча 16 даана трансформатор оңдоло турган болсо, анын ичинен 4 даанасы ишке берилди.
Ошондой эле, 129 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалган, анын ичинен 37 даанасы тейленди.
Манас районунун аймагында 105 даана жыгач мамычаларды темир-бетон мамычаларга алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иштер да ноябрь айына чейин толук аякташы күтүлүүдө.
2025-жылдын аягына чейин Манас районунда 3 даана жаңы трансформатор орнотуу пландалган.
Бул иштер электр энергиясынын сапатын жакшыртууга, авариялык өчүүлөрдү кыскартууга жана аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган.