2024-жылы күз-кыш мезгилине даярдык катары Манас районунда 10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо боюнча маанилүү иштер жүргүзүлдү. Реконструкциянын негизги бөлүгүнүн бири 4,5 км узундуктагы 10 кВ аба чубалгысын жаңылоо болуп, анын ичинде 110 эски жыгач мамыча темир бетон мамычага алмаштырылды. Бул иштер электр энергиясын туруктуу жана коопсуз камсыздоо үчүн абдан маанилүү болуп, кышкы мезгилде тармактын ишенимдүүлүгүн жана бекемдигин камсыз кылууга багытталган.
0,4 кВ аба чубалгысында жүргүзүлгөн иштер: 0,4 кВ аба чубалгысында реконструкция иштери жүргүзүлүп, 9,8 км узундуктагы СИП кабели орнотулду. Ал эми 200 эски жыгач мамыча темир бетон мамычага алмаштырылды.
Техникалык тейлөө иштери:
286,83 км 10 кВ аба чубалгысына пландалган техникалык тейлоо иштери толук аяктады.
0,4 кВ аба чубалгысында пландалган 284,11 км ден 261,3 км иш аткарылды.
Ошондой эле, 25 даана трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Техникалык тейлөө боюнча иштер: Пландалган 126 даана трансформатордун 111 даанасы техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлдү.
Бул иштер Манас районунда электр тармагын чыңдап, кышкы мезгилге болгон даярдыкты жогорулатууга багытталган