Колл - борбор: 105; 1209;

Манас районунда 10 кВ аба чубалгысында 37,575 км капиталдык ремонттон өткөрүлдү

10 Октябрь 2024 ж.

  
  Талас ЭТИнин Манас райондук электр тармагынын күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында 10 кВ аба чубалгысынын 37,575 км капиталдык ремонттон өткөрүштү. Ал эми, 0,4 кВ аба чубалгысында 37,179 км толугу менен капиталдык оңдоо иштери аткарылды.
 
   Ошондой эле, 10 кВ аба чубалгысында 286,93 км техникалык тейлөө иштери пландалган , бүгүнкү күндө 270 км аяктады. Ал эми, 0,4 кВ аба чубалгысында 284,11 км аба чубалгысын техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү каралса, бүгункү күндө 197,36 км аткарылды.
 
  2024-жылга мерчемделген 25 даана трансформатордун, 23 даанасы капиталдык оңдоодон өткөрүлсө, 100 даана трансформатордо техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү.
 
  Мындан тышкары, район аймагындагы 0,4 кВ аба чубалгысында 9,8 км СИП проводу тартуу пландалса, учурда анын 6 км аяктады жана 140 даана жыгач мамыча темир бетон мамычага алмаштырылды. Ошондой эле, 10 кВ аба чубалгысында реконструкция иштери 4,5 км 2024-жылга пландалып, толугу менен оңдоо иштери аткарылды жана 110 даана жыгач мамычаны темир бетон мамычага алмаштырылды. Ал эми, октябрь айында 60 даана жыгач мамычаны темир бетон мамычага алмаштыруу иштери пландалууда.