Колл - борбор: 105; 1209;

Манас районунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери активдүү жүрүүдө

24 Октябрь 2025 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Манас райондук электр тармактары тарабынан электр энергиясын эсепке алууну автоматташтыруу багытында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери активдүү уланууда.
2025-жылга карата жалпы 5 136 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Бүгүнкү күндө анын ичинен 4 295 даанасы орнотулуп, ишке берилди.
Акылдуу эсептегичтер:
- керектөөнү так эсептейт,
- реалдуу убакыт режиминде маалымат берет,
- жоготууларды кыскартат,
- мыйзамсыз туташууларды аныктоону жеңилдетет.