Колл - борбор: 105;

Манас районунда 68 даана трансформатор техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлдү

17 Июль 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы- Талас электр тармактар ишканасынын Манас райондук электр тармагы тарабынан электр энергиясын ишенимдүү жеткирүү жана тармактардын техникалык абалын жакшыртуу максатында пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери аткарылууда.
 
 2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрүлө турган 138 даана трансформатордун 68 даанасында тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Ошондой эле трансформаторду капиталдык ремонттон өткөрүү иштеринин алкагында 25 даана трансформатор пландалып, бүгүнкү күнгө карата анын 12 даанасы оңдолду.
 
 Мындан тышкары, 10 кВ аба чубалгыларын техникалык тейлөө боюнча 272,98 км план бекитилип, анын 143,05 км аткарылды. Мындан тышкары, 10 кВ чыңалуудагы аба электр берүү чубалгыларын капиталдык оңдоо боюнча 41,405 км план каралган.
 
 0,4 кВ аба чубалгыларын техникалык тейлөө боюнча 301,74 км план түзүлүп, бүгүнкү күнгө карата 167,956 км тейлөөдөн өткөрүлдү.
 
 Райондогу электр тармактарын жакшыртуу максатында реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 20 км 10 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу пландалган. Анын ичинде 65 даана жаңы темир-бетон мамылар орнотулуп, 0,8 чакырым жаңы СИП-3 проводу тартылып, 25 даана жаңы темир-бетон мамылар орнотулду.
 
 Ошондой эле, 0,4 кВ аба электр берүү чубалгыларын реконструкциялоо боюнча 13,3 км линия жаңыланып, 135 даана темир-бетон мамыча орнотулат. Бүгүнкү күндө 1,5 км жаңы линия курулуп, кошумча 24 даана темир-бетон мамыча орнотулду
Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты – электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу.