«МАНАС ОРДО» КОМПЛЕКСИНДЕ МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРАЛАРГА ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН ДАЯРДЫГЫ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ
9 Сентябрь 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Талас облусунда маанилүү иш-чаралар өтүү алдында турат. Алардын бири — тарыхый мааниси зор «Манас Ордо» комплексинде жаңы курулган объектилердин ачылыш аземи.
Бул маанилүү иш-чараларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын энергетиктери күчөтүлгөн даярдыкта иш алып барууда.
Энергетиктер тарабынан «Манас Ордо» комплексине резервдик генераторлор орнотулуп, кабелдик линиялар тартылып, электр жабдууларынын техникалык абалы текшерилүүдө. Объектилерде 1000 кВт, 500 кВт, 500 кВт, 300 кВт жана 120 кВт кубаттуулуктагы генераторлор даярдалууда.
Ар бир жабдуунун ишенимдүү иштеши, электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилиши жана коопсуздук талаптарынын сакталышы энергетиктердин көзөмөлүндө.
«Манас Ордо» комплексинде майрамдык иш-чаралар өзгөчө маанайда өтүшү үчүн энергетиктер өз ишин тактык, жоопкерчилик жана кесипкөйлүк менен аткарып жатышат.
Эл майрамды тосуп алууга даярданып жатканда, энергетиктер анын жарыгын камсыз кылууга даяр