Колл - борбор: 105;

«МАНАС ОРДО» КОМПЛЕКСИНДЕ ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

11 Сентябрь 2026 ж.

11-сентябрда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Манас Ордо» тарыхый комплексинин реконструкциядан кийинки жаңы объектилеринин ачылыш аземи өттү.
 
Иш-чаранын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болушун «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын 20дан ашык энергетиги камсыз кылды. Адистер электр тармактары менен жабдуулардын абалын текшерип, резервдик электр булактарын даярдашты.
 
Даярдык иштери энергетика министри Алтынбек Рысбековдун жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиевдин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.