Колл - борбор: 105; 1209;

Талас шаарында эскирген 11,5 км аба чубалгысы СИП-3 проводуна алмаштырылды

5 Сентябрь 2024 ж.

Талас шаардык электр тармактарынын электр эпкерлери тарабынан Талас шаарында эскирген 11,5 км аба чубалгысы СИП-3 проводу алмашылды жана 20 даана эски мамыларды темир бетон мамыларга алмаштыруу иштери аткарылды.
 
  «КУЭТ» ААКтын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын Талас шаардык электр тармактарынын 2024-жыл күз-кыш мезгилине карата аба чубалгыларын жана трансформаторлорду оңдоп-түзөө иштерин 70 % аяктады.
 
 Мындан тышкары, 2024-жылы Талас ШЭТнин тейлөөсүндөгү 10/0,4 кВ 22 даана трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалып, анын ичинен 17 даанасы аяктады.
Ал эми, 173 даана 10/0,4 кВ трансформатор техникалык тейлөө иштерин өткөрүү пландалып, учурда анын ичинен 104 даанасы аяктады.
 
  Ошондой эле, 103 км 10 кВ аба чубалгысынын техникалык тейлөө иштери пландалса, анын ичинен 62,18 км аяктады. Мындан тышкары, 0,4 кВ аба чубалгысында жалпы 159,27 км техникалык тейлөө иштери пландалса, анын 95,82 км аба чубалгысында иштер жүргүзүлдү.