Талас электр тармактар ишканасынын Талас шаардык электр тармактарынын кызматкерлери тарабынан Бердике Баатыр көчөсүндө 4 км 10 кВ аба чубалгысында капиталдык оңдоо иштери аткарылды. Оңдоо иштеринин алкагында эскилиги жеткен траверсалар жана изоляторлор алмаштырылып, жаңыланды.
Ошондой эле, Сарыгулова-Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ТП №130 капиталдык оңдоо иштери жүрүп, эскилиги жеткен тетиктер алмаштырылды.