Колл - борбор: 105;

БАКАЙ-АТА РАЙОНУНДА 2026-ЖЫЛЫ 35 КӨМӨК ЧОРДОН КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН ӨТКӨРҮЛДҮ

21 Сентябрь 2026 ж.

2026-жылга Бакай-Ата району боюнча көмөк чордондорду капиталдык оңдоо боюнча 39 даана көмөк чордон мерчемделип , бүгүнкү күнгө чейин анын 35 даанасы аткарылды.
 
Ошондой эле, көмөк чордондорду техникалык тейлөө боюнча 291 даана мерчемделип , учурда 210 көмөк чордондо тиешелүү иштер аткарылды.
 
Ал эми бугүнку күндө Талас облусунун Бакай-Ата районунун Түйтө айылында жайгашкан №243 көмөк чордонунда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
 
Иштер «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын адистери тарабынан аткарылууда.
 
Капиталдык оңдоо иштеринин негизги максаты — электр жабдууларынын техникалык абалын жакшыртуу, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергиясын жеткирүүнү камсыз кылуу.
 
Энергетиктер электр тармактарынын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу багытындагы иштерди белгиленген талаптарга ылайык улантууда.