"КУЭТ" ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасынын Бакай-Ата райондук электр тармагы тарабынан Маданият айылында электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда.
Аталган иштердин алкагында Маданият айылындагы №147 трансформаторунда 46 даана темир-бетон мамыларын орнотуу иштери толугу менен аяктады.
Кийинки этапта орнотулган мамыларга 1,3 чакырым СИП-2 изоляцияланган зымын тартуу иштери жүргүзүлөт.
Жүргүзүлүп жаткан иштер Маданият айылынын тургундарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында аткарылууда.