Ошондой эле, 2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштеринин алкагында 39 даана трансформаторду капиталдык оңдоодон өкторүү иштери пландалып, 126 даана жыгач мамычалар темир бетон мамычага алмаштырылат.
Андан тышкары, Бакай-Ата районунда 615,439 км 10-0,4 кВ аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми, капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 18,600 км аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле, Бакай-Ата районунда 3 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылып, 1 даанасы 400 кВАдан 630 кВАга, ал эми 2 даанасы 63 кВАдан 250 кВАга көтөрүлөт.