Колл - борбор: 105; 1209;

Бакай-Ата районду боюнча жалпы 39 трансформатордун ичинен 36сы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

18 Сентябрь 2025 ж.

Энергетика министрлигинин алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыкты сапаттуу жүргүзүү жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган талабына ылайык,
Талас электр тармактар ишканасы тарабынан бир катар иштер аткарылды.
Алсак, Бакай-Ата районду боюнча жалпы 39 трансформатордун ичинен 36сы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан тышкары 266 трансформатордун ичинен 165и техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Ал эми 10 кВ аба чубалгысынан 7,37 км толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, 259 км техникалык тейлөөдөн өтүүчү 10 кВ аба чубалгысынын 170 км иши аяктады.
Ошондой эле, 0,4 кВ аба чубалгысынын пландалган 357 км ичинен 242 км оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлдү.
Район боюнча 3 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды.