Колл - борбор: 105; 1209;

Бакай-Ата районунда 39 даана трансформаторго оңдоо иштери жүргүзүлөт

10 Апрель 2025 ж.

2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштеринин алкагында пландалган 39 даана трансформатордун 3 даанасы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ноябрь айына чейин 126 даана жыгач мамычалар темир бетон мамычага алмаштырылат.
 
 Ошондой эле, «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын Бакай-Ата РЭТи тарабынан 266 даана трансформаторду техникалык тейлөө иштеринен өткөрүү пландалып, бүгүнкү күндө 98 даана трансформатордо иштер аткарылды.
 
 Андан тышкары, Бакай-Ата районунда 615,439 км 10-0,4 кВ аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери пландалып, бүгүнкү күндө 10 кВ аба чубалгысында 98.85 км, ал эми 0,4 кВ аба чубалгысында 107 км техникалык тейлөө иштер жүргүзүлдү. Ал эми, капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 18,600 км аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
 
 Ошондой эле, Бакай-Ата районунда 3 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылып, 1 даанасы 400 кВАдан 630 кВАга, ал эми 2 даанасы 63 кВАдан 250 кВАга көтөрүлөт.
 
 Мындан тышкары, Бакай-Атада 7 800 даана акылдуу эсептегичтерин орнотуу иштери жүрүүдө.