Бакай-Ата районунда 29,985 км 10 кВ аба чубалгысы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
12 Февраль 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында март айынан тарта Бакай-Ата районунда жалпы узундугу 29,985 км болгон 10 кВ аба чубалгысында капиталдык ремонт иштери аткарылат. Мындан тышкары, 362,982 км 0,4 кВ аба чубалгысында жана 295,270 км 10 кВ аба чубалгысында техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле, аталган район аймагында:
- 40 даана трансформатор капиталдык ремонттон;
-286 даана трансформатор пландуу техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп;
-6,3 км 0,4 кВ аба чубалгысында СИП-2 аба чубалгысына алмаштырылып;
-158 даана жыгач мамычалар, темир-бетон мамычаларга алмаштырылат;
- 9 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылып, кошумча 2 даана трансформатор орнотулат.
Аны менен катар Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында реконструкция иштеринин алкагында 4,5 км СИП-3 аба чубалгысы алмаштырылып, 92 даана мамыча жаңыртылат.
Ал эми Кыргызстан айылында 100 метр 10 кВ аба чубалгысында СИП-3 аба чубалгысы курулуп, 6 даана мамыча орнотулат.
Жүргүзүлө турган иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган. Бул иштер 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык үчүн аткарылат.