Колл - борбор: 105; 1209;

Бакай-Атада 10 кВ аба чубалгысында ремонт иштери жүрүп жатат

24 Июль 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан пландын негизинде Бакай-Ата районундагы 10 кВ аба чубалгысында ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Иштин алкагында абалы начар жыгач мамычалар темир-бетон мамычаларга алмаштырылып жатат.
Бул чаралар электр линиясынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана келечектеги үзгүлтүктөрдү азайтууга багытталган.
Бардык иштер бекитилген графикке ылайык жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен аткарылууда.