Колл - борбор: 105; 1209;

Бакай-Атада 113 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өтүүдө

8 Август 2024 ж.

 
«КУЭТ» ААКнын филиалы- Талас ЭТИнин Бакай-Ата райондук электр тармагынын Бакай-Ата барчасынын кызматкерлери тарабынан Бакай-Ата районунун 10 айылын электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн күз-кыш мезгилине карата пландалган ремонттук иштерди жүргүзүүдө.
 
  Бакай-Ата барчасынын тейлөөсүндө жалпы 130 даана трансформатор бар. Анын 17 даанасы капиталдык оңдоодон өтсө, 113 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштерин аткаруу пландалган. Бүгүнкү күндө 58 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери аяктады жана 12 трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери аяктады.
 
  Реконструкция иштери боюнча 0,4 кВ аба чубалгыларына жаңы СИП-2 кабелинин 2,840 км коюу иштери пландалып, 1100 км аба чубалгысы тартылып, 42 даана темир бетон мамыча алмаштырылды.
 
  Ал эми, 10 кВ аба чубалгыларында реконструкция иштери боюнча планга берилген 25 даана жыгач карагайларды темир бетон мамычага алмаштыруу иштери жүргүзүлдү жана 1,1 км аба чубалгысы тартылган.
 
   Ошондой эле, кошумча 1 даана трансформаторду коюу жана 1 даана трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу иштери жүргүзүү иштери жыл аягына чейин аткарылат.