Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча коюлган милдеттерин ишке ашыруунун алкагында Талас облусунда электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармактарында оңдоо жана жаңылоо иштери уланууда Айтматов райондук электр тармактары бүгүнкү күндө трансформаторлорду техникалык тейлөө боюнча жалпы 276 даана трансформатор пландалып, анын 104 даанасында иштер толук аяктады. Ошондой эле капиталдык ремонтко 55 даана трансформатор каралып, учурда 10 даанасы оңдолду. Кошумча иш-чаралардын алкагында 2 жаңы трансформатор куруу каралган, ошондой эле 7 трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу пландалган. Айтматов районунда электр энергиясын ишенимдүү жана сапаттуу жеткирүүнү жогорулатуу максатында трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу иштери жүргүзүлүүдө. Аманбаев айылында үч трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу пландалган: №562 — 250 кВАдан 630 кВАга чейин, №538 — 160 кВАдан 250 кВАга чейин, №515 — 160 кВАдан 250 кВАга чейин. Кызыл-Адыр айылында №120 трансформатордун кубаттуулугу 250 кВАдан 400 кВАга, ал эми №004 трансформатордун кубаттуулугу 160 кВАдан 250 кВАга чейин жогорулатылат. Шекер айылында №733 трансформатордун кубаттуулугу 100 кВАдан 250 кВАга, ошондой эле №734 трансформатордун кубаттуулугу 160 кВАдан 250 кВАга чейин жогорулатуу пландалган. Жүргүзүлүп жаткан иштер трансформаторлордун ашыкча жүктөлүшүн азайтып, авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдигин төмөндөтүүгө, электр тармактарында туруктуу чыңалууну камсыздоого жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган. Кубаттуулуктун жогорулатылышы электр энергиясына болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга шарт түзүп, өзгөчө жогорку жүктөм мезгилдеринде жабдуулардын туруктуу иштешин камсыздайт. Натыйжада аймактагы электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, электр тармактарынын жалпы ишенимдүүлүгү жогорулайт. Мындан тышкары 10 кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөө иштерине 536,6 чакырым план бекитилип, анын 177,05 чакырымы аткарылды. Ал эми капиталдык оңдоо иштерине 73,82 чакырым аба чубалгысы пландалган. 0,4 кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөө иштеринин жалпы планы 525,402 чакырымды түзүп, бүгүнкү күндө анын 183,694 чакырымы бүткөрүлдү. Ал эми, курулуш жана реконструкция иштеринин алкагында 10 кВ аба чубалгыларындагы 317 даана жыгач мамыча темир-бетон мамычаларга алмаштырылат. Анын ичинен 248 даанасы 0,4 кВ аба чубалгыларында 14,4 чакырым СИП-2 кабелин реконструкциялоо иштеринде колдонулат. Ошондой эле 54 даана мамыча 10 кВ аба чубалгыларында 12 км СИП-3 кабелин реконструкциялоо иштеринин алкагында жаңыланат. Электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 4 даана реклоузер орнотулуп, 4 даана шкаф алмаштырылат. Жүргүзүлүп жаткан иштер аймактагы электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу жеткирүүнү камсыздоого, ошондой эле электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртууга багытталган.