Колл - борбор: 105;

Айтматов районунда Абдыкалык Калматов участогу үчүн жаңы административдик имарат курулууда

9 Сентябрь 2026 ж.

Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов районундагы Абдыкалык Калматов участогунда жаңы административдик имараттын курулушу жүрүп жатат.
 
Бүгүнкү күндө имараттын негизги курулуш иштери аткарылып, дубалдары тургузулуп, имараттын жалпы конструкциясы калыптанды. Учурда курулуш иштеринин кийинки этаптары жүргүзүлүүдө.
Жаңы административдик имарат бир кабаттуу болуп, жалпы аянты 238 чарчы метрди түзөт. Имаратта 8 кызматкер үчүн бардык зарыл болгон шарттар каралган.
 
Жаңы имарат 1960-жылы курулган эски административдик имараттын ордуна салынууда.
Долбоордун негизги максаты — кызматкерлер үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү менен бирге, керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу.
 
Жаңы административдик имараттын пайдаланууга берилиши менен энергетикалык кызматтарды ыкчам жана натыйжалуу көрсөтүүгө, кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга жана жергиликтүү калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
 
Аталган долбоор «КУЭТ» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланып, курулуш иштерин Талас электр тармактар ишканасы жүргүзүүдө. Объектти ушул жылдын аягына чейин толук бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.