Колл - борбор: 105; 1209;

Айтматов районунда 278 даана трансформатордо техникалык тейлөө иштери аткарылууда

25 Апрель 2025 ж.

Айтматов районунда 2025-2026-жылкы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бул иштер «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагы тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин алкагында жалпысынан 278 даана трансформаторго техникалык тейлөө жүргүзүү пландалган, анын ичинен 86 даанасы оңдоодон өткөрүлдү.

Ошондой эле, 36 трансформаторго капиталдык оңдоо иштери жүргүзүү ноябрь айына чейин аткарылат жана 127 даана эски жыгач мамычалар темир бетон мамычаларга алмаштырылат.

10 кВ аба чубалгыларында 605.604 км техникалык тейлөө пландалып, 90.970 км тейленди.

Ал эми 0,4 кВ аба чубалгыларында 537.478 км тейлөө пландалып, 135.635 км аяктады.

Мындан тышкары, райондо 4 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат: 3 трансформатор 160 кВАдан 250 кВАга, 1 трансформатор 100 кВАдан 250 кВАга көтөрүлөт.

Учурда 12 500 даана акылдуу эсептегич орнотуу каралган, анын ичинен 2947 даанасы орнотулуп бүттү.

Бул иштер 2025-жылдын ноябрь айына чейин уланат жана алдыдагы кыш мезгилине туруктуу жана коопсуз электр менен камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.