Айтматов райондук электр тармагынын административдик имаратында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө
28 Май 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын административдик имараты толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Учурда имараттын 60% капиталдык ремонттон өттү. Ал заманбап стилде жасалгаланып, жаңыланууда.
Аталган имарат 1978-жылы курулган, 2017-жылы имараттын айрым бөлүктөрү гана жаңыланган.
Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында административдик имараттын ички жана тышкы бөлүктөрү жаңыланып, чатырын алмаштыруу, эшик-терезелерин жаңыртуу, инженердик коммуникацияларды оңдоо, жылытуу жана электр системаларын жакшыртуу иштери каралган.
Мындан тышкары, мекеменин айланасын толук көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, аймакка асфальт төшөлүүдө. Бул иштер кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Учурда Айтматов райондук электр тармагында 59 кызматкер эмгектенет. Жаңылоо иштери кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Аталган долбоор «КУЭТ» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып, энергетика тармагындагы инфраструктураны жакшыртууга жана эмгек шарттарын учурдагы талаптарга ылайык келтирүүгө багытталган.